www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Дайыр Орунбековдун иши боюнча Ленин райондук сотунда өткөн кезектеги сот отуруму 1-октябрга жылдырылганын адвокат Нурбек Токтакунов билдирди.
Анын айтымында, сот отурумуна тергөөчү катышкан эмес. Ал эми прокурор Бейшеналиев буга чейин кылмыш ишин козгоодон баш тартуу тууралуу чечимди жокко чыгарган прокурордун токтомун сотко сунуштаган. Прокурордун билдиришинче, аталган токтомдун негизинде Орунбековдун аракеттерине байланыштуу текшерүү кайрадан жандандырылган.
Соттук кароонун жүрүшүндө документтин мыйзамдуулугу жана аныктыгы боюнча бир катар суроолор жаралган. Тактап айтканда, тараптар документтин төмөнкү бөлүгүндө прокурордун жардамчысынын колу турганын, ал эми жогорку бөлүгүндө көзөмөлдөөчү прокурордун колу жок экенин белгилешкен.
Мындан тышкары, документте жайгашкан QR-код текшерилген. Адвокаттын маалыматына ылайык, кодду сканерлеген учурда документтин аныктыгын тастыктаган маалымат чыккан эмес. Өз кезегинде прокурор Бейшеналиев QR-код ички колдонуу үчүн каралган жана жашыруун маалыматтарды ачууга арналганын билдирген.
Документтин мыйзамдуулугу жана аныктыгы боюнча тараптардын ортосунда талаш жаралган. Натыйжада судья Байматов келтирилген жүйөлөрдү эске алып, сот отурумун 1-октябрь күнү саат 14:00гө жылдырган. Ошондой эле прокурорго тиешелүү документти кайрадан алып келүү тапшырылган.
Эске салсак, 20-июлда президенттик аппараттын басма сөз кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков Facebook баракчасына өзү «фейк маалыматтарды жана Кытайга каршы маанайларды таратып жатышат» деп эсептеген жана жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн болгон жарандардын тизмесин жарыялаган.
Тизмеге активисттер, укук коргоочулар, журналисттер жана саясат таануучулар кирген.
Юристтер Орунбековдун аракеттеринде кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чабуу жана күнөөсүздүк презумпциясын бузуу белгилери болушу мүмкүн экенин билдиришкен.
Мындан тышкары, жарыяланган тизмеде жарандардын паспортторундагы сүрөттөрү колдонулган. Бул «Түндүк» системасындагы жеке маалыматтардын коопсуздугу боюнча да суроолорду жараткан.
22-июлда юрист Нурбек Токтакунов президент Садыр Жапаровго кайрылып, компетенттүү органдарга жеке маалыматтардын мүмкүн болгон сыртка чыгып кетишин текшерүүнү тапшырууну өтүнгөн. Даттануу «Түндүк» аркылуу жөнөтүлгөн.
Ушундай эле арыз менен «Кылым шамы» укук коргоо уюмунун директору Гүлшайыр Абдирасулова жана башка жарандар да кайрылышкан.
Кийинчерээк Ички иштер министрлиги сотко чейинки текшерүү жүргүзө баштаганы белгилүү болгон.