www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президенттин Иш башкармасынын башчысы Каныбек Туманбаевдин мамлекеттик иштерди ыкчам уюштуруп, берилген тапшырмаларды создуктурбай аткарууга аракет кылып жатканы коомчулукта ар кандай пикирлерди жаратууда. Анын ишиндеги ыкчамдыгына териккендер, социалдык тармактарда кызматтан алынды, өлкөдөн чыгып кетти деген сыяктуу маалыматтарды таратты.

Чындыгында мамлекеттик кызматтагы адамдын чыныгы баасын ар ким тараткан айыптоолор эмес, аткарган иши көрсөтөт.

Алсак кимдир бирөөгө Туманбаевдин ишмердиги жакпашы мүмкүн. Кимдир бирөө анын дарегине ар кандай сөздөрдү айтуусу мүмкүн. Бирок факт бирөө — КР Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмаларын так жана ыкчам аткаруу —  чоң жоопкерчиликти талап кылган иш.

Оозду толтуруп айтканда Туманбаевдин Көчмөндөр оюндары сыяктуу масштабдуу иш-чараларды уюштуруу аркылуу Кыргызстан дүйнөнүн көңүлүн өзүнө бурду. Кыргызстандын маданияты, салты, тарыхы жана эли тууралуу мурда билбегендер биле баштады. Бул — бир күндө жаралган көрүнүш эмес, чоң уюштуруучулук эмгектин жыйынтыгы.

Айрыкча Кыргызстанды дүйнөгө таанытуу, өлкөнүн тарыхын, маданиятын, каада-салтын жана улуттук баалуулуктарын эл аралык коомчулукка жеткирүү багытындагы ири иш-чараларды уюштуруу — жөн гана бир күндүк иш эмес. Анын артында чоң жоопкерчилик, эбегейсиз уюштуруучулук турат.

Ошондуктан ким кандай сөз айтпасын, социалдык тармактагы каралоолор менен божомолдор убакыттын алдында алсыз. Тарыхта сөз эмес, жасалган иш калат.

Туманбаевдин дарегине айтылган ар кандай пикирлерге коомчулук өзү баа берет, дегенибиз менен калдайган ишти кыпындай такталбаган маалыматтар жеңип, айыптоолор үстөмдүк кылган заманда анын мамлекеттик кызматтагы ишмердигине, конкреттүү чечимдери жана эл үчүн жасаган иштерин кайра-кайра айтып туруу абзел.

Кээде адамды көтөргөн нерсе — мактоо эмес, анын артында калган изи. Кээде аны каралаган сөздөр эмес, жасаган иши сүйлөйт.

Ким кандай дебесин, КР Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмаларын так жана ыкчам аткарууга багытталган иши менен Каныбек Туманбаев өзүнүн мамлекеттик кызматтагы ордун көрсөтүп келет.

Алакандай Кыргызстанды дүйнөгө дүңгүрөтүп таанытуу — бүгүнкү күндүн эле эмес, келечектин да мурасы. Анткени дүйнө Кыргызстан тууралуу канчалык көп билсе, өлкөнүн тарыхына, маданиятына, жаратылышына жана элине болгон кызыгуу ошончолук өсөт.

Бул жердеги мактоолорго кимдир бирөөнүн жүрөгү оорушу мүмкүн, кимдир бирөө муну моюнга алгысы келбеши мүмкүн. Бирок коомдук иштин жыйынтыгын жеке таарынычтар же социалдык тармактагы ар кандай сөздөр эмес, конкреттүү жасалган иштер көрсөтөт.

Көп учурда Туманбаева тууралуу социалдык тармакта ар кандай пикир айтылат. Бирөө мактайт, бирөө сындайт, дагы бири божомол таратат. Бирок убакыт өткөн сайын алардын баарынын ичинен бир гана нерсе калат — эмне иш жасалды?

Каныбек Туманбаевдин аты да дал ушул жасалган иштердин контекстинде бааланууга тийиш.

Сөздөр унутулат. Посттор өчөт. Ушактар тарайт да кайра басылат. Ал эми эл аралык деңгээлде өткөрүлгөн ири иш-чаралар, Кыргызстанды дүйнөгө тааныткан долбоорлор жана өлкөнүн аброюн көтөрүүгө багытталган иштер — элдин эсинде калат.

Ошондуктан ким кандай дебесин, Туманбаевдин мамлекеттик кызматтагы ишмердигине тарыхый бааны бүгүнкү эмоциялар эмес, убакыт жана жасалган иштердин жыйынтыгы берет.

Ачуу чындык, президент Садыр Жапаровдун ишенимин актап, жүзүн жарык кылып өлкөнү дүйнө жүзүндө социалдык тармактарда чаңын чыгарып, оозун ачырып тааныткан так ушул Каныбек Туманбаев экенин моюнга алышыбыз керек!

Бул көрүнүш бүгүн суктануу, эртең – тарых!  

Анткени тарыхта бийликтеги жетекчини алсыратуунун бир жолу — анын айланасындагы ишенимдүү адамдарды кызматтан кетирүү же коомчулукта алар тууралуу ар кандай күдүк пикирлерди жаратуу деген түшүнүк бар.

Ошол сыяктуу эле бүгүн дагы президенттин мыкты, ишенимдүү кадрларын алсыратуу аракетин акырындап жүзөгө ашыруу боюнча кыймылдар башталгандай.

Последние новости