www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанга болгон иш сапарынын алкагында Росгвардиянын директору, Россиянын Улуттук гвардия аскерлеринин башкы командачысы, армиянын генералы Виктор Золотов жетектеген делегация ИИМдин Ички аскерлеринин №7702 аскер бөлүгүнө барды.

Кыргызстандын ички иштер министри, милициянын генерал-полковниги Улан Ниязбеков россиялык делегацияны аскер бөлүгүндө кызмат өтөөнү уюштуруу, кызматтык-согуштук ишмердүүлүктүн негизги багыттары жана аскер кызматчыларын даярдоо системасы менен тааныштырды.

Сапардын жүрүшүндө делегацияга Ички аскерлер колдонгон курал-жарактардын, атайын техникалардын жана жабдуулардын үлгүлөрү көрсөтүлүп, аскер кызматын өтөө жана өздүк курамды даярдоо шарттары тууралуу маалымат берилди.

Ошондой эле тараптар кызмат өтөөнү уюштуруу, аскер кызматчыларын даярдоо, кесиптик көндүмдөрдү өркүндөтүү жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча тажрыйба алмашуу маселелерин талкуулашты.

ИИМ билдиргендей, сапар эки өлкөнүн күч түзүмдөрүнүн ортосундагы кесиптик өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө жана кызмат өтөө менен аскер кызматчыларын даярдоо жаатында тажрыйба алмашууга багытталды.

Последние новости