www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстанда 15-апрелге чейин бир катар «социалдык маанидеги» товарларды сыртка чыгарууга тыюу салынды. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыкты.

Анын айтымында, чектөөлөр ун, кум шекер, картөшкө, гречка, сабиз, кызылча, пияз жана капустага тиешелүү болот.

«Бул чара калкты зарыл товарлар менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында көрүлүүдө. Жарандар дүкөнгө кирип, каалаган азык-түлүктү жеткиликтүү баада сатып алуу мүмкүндүгүнө ээ болушу керек», — деди министр.

Ушу тапта Казакстанда коронавируска байланыштуу киргизилген өзгөчө абал режими күчүндө.

Акыркы маалыматтар боюнча Казакстанда коронавирус жуктуруп алган адамдардын саны 79га жетти.

Илдетти жуктуруп алган аймактар: 

Нур-Султан – 41 

Алматы – 31 

Караганда — 2 

Алматы областында — 1

Актөбөдө — 1 

Шымкент — 1 

Жамбыл областында — 1

Түндүк-Казахстан областында — 1 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости