www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Атыраунун полициясы никаб кийген 4 аялдын араб жазуусу түшүрүлгөн Казакстандын желегин кармап түшкөн сүрөткө байланыштуу кылмыш ишин козгоду, деп маалымдады «Курсив.kz».

Тергөө мамлекеттик символдорду мазактоо беренеси боюнча жүрүп жатат. Бул берене боюнча айыпталгандар эң оболу 2 жылга чейин эркиндигинен ажыратылышы мүмкүн.

Талкууга себеп болгон сүрөт шаардык муз аянтчасында тартылган. Окуя социалдык тармактарда активдүү талкууланууда. Сүрөттөгү 4 шектүү аныкталып, полиция бөлүмүнө жеткирилген.

Алардын арасында жашы жете элек 2 кыз болгону, мындан улам алар ата-энелеринин катышуусунда көрсөтмө берип жаткандыгы кабарланды.

Последние новости