www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мьянмада күчү 7,7 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, жер титирөө бүгүн, 28-мартта жергиликтүү убакыт боюнча саат 13:30дар чамасында болгон.
Жер силкинүү Бангкок, Бангладеш, Индия, Таиланд, Лаос жана Кытайда да сезилген.
Бангкокто имараттар солкулдап, чатырдагы бассейндерден суу агып, жергиликтүү тургундар көп кабаттуу үйлөрдөн эвакуацияланууда. Жер титирөө учурунда курулуп жаткан көп кабаттуу үй ураган. Жаракат алгандар тууралуу маалымат азырынча жок.