www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Профессор, тарых илимдеринин доктору жана Геральдика кеңешинин мүчөсү Каржаубай Сарткожаулы Казакстандын гербин өзгөртүү боюнча президент Касым-Жомарт Токаевдин сунушуна каршы экенин билдирди.

Ал Казакстанда гербди өзгөртүүдөн башка чечилбей жаткан маселелер көп деп эсептейт.

"Биз эми гана колонизациядан чыгып жатабыз. Эгер акылга сыйбаган нерселерди жасасак, жиндилик кылган болобуз. Келгиле буга акыл-эстин позициясында карайлы. Бул гербде шынарактан тарта кереге, желбау жана өлкөнүн аталышына чейинки биздин бардык улуттук белгилерибиз камтылган. Скиф доорунан берки бардык баалуулуктарыбыз менен салт-санаабыз бар", – деди Сарткожаулы.

Токаев өлкө гербин өзгөртүүнү Атырау шаарында 15-мартта өткөн Улуттук курултайдын жыйынында сунуштаган. Өз сөзүндө ал "Казакстандын герби кабыл алууга өтө оор экенин, анда совет доорунун архитектурасы менен белгилери бар экенин" айткан "адистердин, жарандардын, анын ичинде жаштардын орундуу жүйөлөрүнө" шилтеме кылган.

Президенттин бул сунушу социалдык түйүндөрдө кызуу талкуу жаратты. Гербди өзгөртүүгө Маңгыстау облусунда эмгек шарттарын жакшыртуу талабы менен үч ай мурда иш таштаган мунайчылар да каршылыгын билдиришти. Алардын видеокайрылуусун оппозициялык "БАСЕ" телеграм-каналы жарыялады.

Февралда бийликчил "Жаңы адамдар" кыймылынын мүчөлөрү өлкө герби боюнча Алматы жана Астана шаарларында жүргүзүлгөн сурамжылоонун видеосун жарыялаган. Түрдүү курактагы 500дөн ашык адам катышканы айтылган сурамжылоонун видеосунун алдына гербди өзгөртүүгө каршы көптөгөн пикирлер жазылган.

Казакстандын герби 1992-жылы кабыл алынган. 2019-жылы андагы кириллица менен жазылган өлкө аталышы латын тамгаларына алмаштырылган. Мамлекеттик гербди өзгөртүү долбоорун жумушчу топ даярдаган. Анын курамында Маданият жана спорт министрлигинин, техникалык көзөмөлдөө жана метрология комитетинин, Стандартташтыруу жана сертификат берүү институтунун, Астана акимчилигинин өкүлдөрү, ошондой эле гербдин автору Жандарбек Малибеков бар.

Последние новости