www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нооруз-2024: Бишкекте масштабдуу иш-чаралар өткөрүлөт

Бишкекте быйыл Нооруз майрамынын урматына 20-марттан 22-мартка чейин масштабдуу иш-чаралар өткөрүлөт.

Муниципалитеттен билдиришкендей, бул күндөрү көргөзмөлөр, мастер-класстар, спорттук оюндар, ошондой эле улуттук тамак-аш менен тамактануу зоналары уюштурулат.

20-мартта саат 13:00дө Ала-Тоо аянтында улуттук спорт оюндары башталат. Саат 14:00дөн 22:00гө чейин шаардыктарга концерттик программа тартууланат.

21-мартта саат 09:00дө Ала-Тоо аянтында майрамдык иш-чара өтөт. Саат 12:15тен 22: 00гө чейин шаардыктарды эстрада жылдыздарынын катышуусунда концерттик программа күтөт.

22-мартта саат 10:00дө Улуттук спорттук оюндар башталат. Саат 14:00дөн 22: 00гө чейин шаардыктарды концерттик программа күтөт.

Бишкек шаарынын мэриясы шаардыктарды жана шаардын конокторун келе жаткан Нооруз майрамы менен куттуктайт, ошондой эле эстен кеткис сезимдерди каалайт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости