www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстан Ички иштер министрлиги Жамбыл облусунун полиция департаментинин башчысы, генерал Жанат Сулеймановдун кайтыш болгонун тастыктады. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар билдирет. Ушул тапта өлүмдүн себептери аныкталууда.

Казакстандык журналист Михаил Козачков өзүнүн телеграм-каналында өлкөдөгү жапырт нааразылыктан кийин ага кылмыш иши козголгонун, аны трибунал коркунучу күтүп турганын жазды.

Бул арада Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети атайын кызматтын полковниги Азамат Ибраевдин кайтыш болгонун кабарлады. Анын денеси өз үйүнүн алдында табылган. Азырынча полковник кандай жагдайда өлгөнү айтыла элек.

Алматыда райондук полиция башкармалыгынын башчысынын орун басары Танат Назанов жумуш ордунда инфаркттан кайтыш болду. Бул тууралуу Orda.kz басылмасы шаардык полиция департаментине шилтеме берүү менен билдирет.

8-январда Казакстанда Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы төрагасы Карим Масимов кармалган. Ал мамлекеттик чыккынчылык кылган деп шектелүүдө. Казакстанда 2-январда башталган жапырт нааразылыктардан кийин өлкө боюнча дээрик сегиз миңдей киши кармалды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости