www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандык пианист Викрам Рузахунов ушундай ыкманы колдонсо Бишкекке экстрадициялайт экен деп уккандан кийин камеранын алдында жалган сүйлөгөнүн айтты.

Алматыда кармалган мекендеш кечээ, 10-январда, Бишкекке алып келинип, андан соң окуя кандай болгонун журналисттерге айтып берди.

Музыкант 2-январда досунун чакыруусу менен Алматыга учуп барган. 4-январда митингдер башталып кеткендиктен шаарда ижарага алган батиринде калып калган. Досу ошол батирден чыкпай отурууга кеңеш бергенин белгиледи. Ал жерде үч күн болуп, кийин интернет өчүп, азык-түлүк дүкөндөрү иштебей калгандыктан Кыргызстанга кетүүгө аракет кылган.

7-январь күнү такси жалдап Алматы — Бишкек жолунда баратканда блокпосттон токтоткон аскерлер Рузахуновду кармап убактылуу кармоочу жайына киргизишкен. Ал аскерлерга музыка менен алектенерин айтса да укпай койгонун билдирди.

“Камерада мага сылык мамиле жасап, тамак, ысык чай берип жатышты. Жагдайлар такталганга чейин төрт күн жаттым. Анан Кыргызстандын бийлигинин күчү менен чыгып келдим. Ыраазычылык билдирем, азыр өзүмдү кандай сезип жатканымды айтып бере албайм. Эң башкысы, ушунча жылдан бери Кыргызстан элинин уулу болуу канчалык кымбат экенин аңдап-билбегенимди түшүнүп турам. Баары ушундай кырдаалга кептелиши мүмкүн, мен ыңгайсыз учурда, ыңгайсыз жерден чыга калып кырдаалдын курмандыгы болуп калдым”, — деди Рузахунов.

Музыкант абакта отургандардан “эгер митингге катышуу үчүн ага акча сунушташканын айтып билдирүү жасаса, Бишкекке экстрадициялайт” деп укканын белгиледи.

“Ушундай гана жолу бар эле. Ошондуктан, мен жалган сүйлөп чыгууну чечтим. Муну чындыкка дал келбеген көрсөтмө деп атаса болот. Бети-башымдын көгаласы боюнча айтсам, аскерлер кармоо учурунда күч колдонуп такыр аяган эмес. Ал убакта мен эч кимге бир нерсе делилдей албайт болчумун. Алар баарын ушинтип катуу кармашты”, — деди музыкант.

Ошондой эле Рузахунов маалыматты ачыктабоо тууралуу эч кандай кагазга кол койбогонун кошумчалады. Айтымында, аны менен кошо абакта дагы төрт кыргызстандык отурган.

Ошону менен бирге эле пианист өзүнө келиши үчүн бир канча убакыт керектигин айтты. Андан кийин чыгармачылыгын улантып, тагыраак айтканда, джаз фестивалдарын уюштура бермекчи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости