www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна (ЖККУ) мүчө өлкөлөрдүн башчылары 10-январдагы онлайн-саммитте Казакстандагы абалды талкуулашты. Саммитте Казакстандагы окуяларды ЖККУнун башка өлкөлөрүндө, анын ичинде Тажикстанда болтурбоо зарылдыгы айтылды.

Беларус башчысы Александр Лукашенко Казакстанда болгон окуялардагы “тышкы факторлорду” белгилеп, борбор азиялык бул өлкөнүн чек арасында аз эмес террорчулар топтолгонун билдирди. Анын айтымында, жакын арада кайра чогулуп, Тажикстан жөнүндө сүйлөшүү үчүн азыр жакшы себеп түзүлдү.

“Тажикстан президенти канча жылдан бери бизден материалдык, анын ичинде аскердик-техникалык жердам берүүнү сурап келет. Кийинчерээк Казакстандай кымбатка туруп калбоосу үчүн биз муну аткарышыбыз керек. Дээрлик 200 каттам учак... биз ири техника жөнөттүк. Бактыга жараша, Орусия буга макул болду. Мындай нерсе Тажикстанда болушун каалабайм. Ошондуктан азыр ага жардам беришибиз керек. Ал бул көйгөйлөрдү жеңе алат”, - деди Беларус президенти.

Тажикстан башчысы ЖККУнун алкагында террордук уюмдардын бирдиктүү тизмесин иштеп чыгууну, тажик-ооган чек арасын бекемдөө боюнча мамлекеттер аралык программа кабыл алууну жана Ооганстандын айланасында “коопсуздук кемерин” түзүүнү сунуштады.

Орусия президенти Владимир Путин Казакстанда “майдан технологиясы” жана “чет өлкөлөрдөгү террорчулардын лагерлеринде даярдыктан өткөн жоочулар ”колдонулганын билдирди. Анын пикиринде, Казакстандын мамлекеттүүлүгүнө коркунуч жараткан окуялар баалардын жогорулоосуна байланыштуу өткөрүлгөн башаламан акциялардан эмес, окуяны ички жана тышкы деструктивдүү күчтөр пайдаланып кеткенден улам пайда болду.

Путин ЖККУ күчтөрү эч качан “түстүү революцияларга” жол бербестигин жана кайсы бир “тышкы кийлигишүү” болгону тууралуу билдирди. Эл аралык күчтөр Казакстанда убактылуу болуп, андан кийин чыгарыларын кошумчалады.

6-январга караган түнү казак президенти Касым-Жомарт Токаев “террордук коркунучту жөнгө салуу максатында” деген жүйө менен Казакстан мүчө болгон Жамааттык коопсуздук келишими уюмунан (ЖККУ) жардам сураган. Ага удаа эле Орусия аскерлеринин алгачкы бөлүгү атайын техниканын коштоосунда Казакстанга келип түшкөнү кабарланган. Андан соң Армения, Беларус, Тажикстан да Казакстанга “бейпилдик күчтөрүн” жөнөткөн.

7-январда уюмдун бейкуттук күчтөрүнүн миссиясынын курамына кирген Кыргызстандын 150 аскери Алматы шаарына жеткирилген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости