www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстанда дээрлик 6 кг салмактагы кыз төрөлдү

Казакстанда 19-январда 5800 грамм салмактагы кыз төрөлдү.

Ымыркай Форт-Шевченко шаарынын 26 жаштагы тургунунун бешинчи баласы.

Ымыркайдын апасы өзүн жакшы сезип жатканын белгилеп, дарыгерлерге ыраазычылык билдирди.

«Мен көп балалуу энемин. Балдарымдын баары чоң салмак менен төрөлүшкөн. Азыр кызымдын абалы жакшы. Бизди үйүндө туугандарыбыз күтүп отурушат», - деди апасы Айгүл Жумабаева.

Актау шаардык перинаталдык борбордун директору Галия Махимова борбордо 2022-жылы 17 алп наристе төрөлгөнүн тактады. 

«Мындай балдардын төрөлүшүнүн себептери ар кандай болушу мүмкүн, ал эми Жумабаевада генетикалык мурас бар», - деди Галия Махимова.

Белгилей кетсек, 2022-жылы шаардык перинаталдык борбордо төрөлгөн чоң балдардын бири 6200 грамм салмактагы бала болгон.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости