www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Америкада элчи болуп, курсагы ток, кайгысы жок жүргөн Бакыт Аманбаев жакында кызматынан кетет экен деп жатышат. Анда-санда Фейсбукка чыгып, ар нерсенин башын айтып акыл айтып калганы болбосо, элчи болгону эч нерсе кыйраткан ишин көргөн жан жок. 

Деги эле, колунан иш келбеген, деңгээли тушардан ашпагандардын амбициясы аттын башындай болуп, оозун ачышса эле он сегиз миң ааламдан кеп кылышат экен. Бирок, ымтырашкан менен ар кимдин этегине эрмешип, жакасына жармашып бийликтен кетпей айланып-тегеренип жүрө беришет көргөндөрдүн көзүн жоорутуп. 

Айтайын дегенибиз, элчиликтен кетсе Тышкы иштер министрлигине министрдин орун басары болуп келип калышы ыктымал. Бактылуу чочконун мурдунан бок кетпейт деген ырас окшойт. Муну кадрдык кризис деп коёт. Тышкы саясатты билимдүү, эрктүү, кыраакы дасыккан дипломат жүргүзүш керек, Аманбаевге окшогондор эмес. 

Бул Бакыт Аманбаев дагы кооз сүйлөп, калп патриот болгонду мыкты өздөштүргөндөрдүн бири десек жарашат. 

"Мекенчил" партиясы менен Жогорку Кеңештин шайлоосуна катышканда, элге: "Биз бийликке келип калсак электр энергиясындагы коррупцияны кан буугандай токтотобуз. Ортомчулар 1кВт/саат электр энергиясын 12 тыйындан сатып алып, элге 77 тыйындан, 700 кВт/ сааттан ашса, 2 сом 16 тыйындан сатып жатат. Биз ошолорду токтотуп, арзандатабыз",- деген. 

Мына андагы табакташ, санаалаш, үзөңгүлөштөрү бийликтин сересинде отурушат. Электр энергиясын арзандатмак түгүл, күнүнө эки маал өчүрүп, тарифтин баасын бери жагы 1 сомго көтөргөнү жатышат. 

Аманбаев чындап элдик киши болсо, шайлоодо айткан убадасын эстеп, "койгула, шерменде болобуз, эл кууп чыгат" деп үн катып койсо болмок. Болбосо, ансыз элчиликтен кетет экен Энергетика министри кылып, баягы айткан жомогуңдун өтөөсүнө чык деш керек. Ай таң, ал деле колунан келбейт. Буларды сүйлөтүп эле койсо болду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости