www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Англиялык футболчу, "Арсенал" жана Англиянын аялдар командасында ойногон Алекс Скотт 2018-жылы футбол боюнча Дүйнө чемпиондугу учурунда Москвада кантип өлүп кала жаздагандыгын айтып берди. Аны президент Владимир Путин менен түшкөн сүрөтү гана сактап калган, деп жазат Daily Star.

Скотт чемпионатта Би-Би-Сиде футбол эксперти болуп иштеген. Компания бардык кызматкерлер кызматтык, алдын ала брондолгон унааларды колдонуусуна кам көргөн. Бирок, Скотт досу менен жолуккандан кийин, такси кызматын пайдаланууну чечкен. Бирок такси айдоосу аны уурдап кетүүгө аракет кылган.

Футболчу менен Google Translate аркылуу байланышкан айдоочу аны коркута баштаган. Ал аны үйүнө алып барбай турганын, Алекстин тааныштары аны экинчи көрбөй турганын билдирген.

Айдоочу унаанын эшиктерин кулпулап салган. Алекстин айтымында, бул жагдай анын үрөйүн учурган. Бирок таксист аны өлтүрөм деп убада бергенден кийин, футболисттин өзүн-өзү сактоо инстинкти ойгонуп, өмүрүн сактап калуунун жолун тапкан.

Футболчу президент Путин менен жолукканын жана аны эртеси кайра көрүшү керектигин айтып,  эгерде келбесе аны издээрин билдирген.

Таксист кызга алгач ишенген эмес. Бирок ал далил катары чемпионаттын алкагындагы расмий иш-чаралардын биринде президент менен түшкөн сүрөтүн көрсөткөн.

"Эгер мен эртең Путинди көрбөсөм, ал сени табат!" деп айткан футболчу.

Айдоочу жүргүнчүгө эч кандай зыян келтирбей мейманканага жеткирип койгон.

Алекс Скотт бул окуядан абдан коркконун, бирок укук коргоо органдарына кайрылбаганын билдирди.

Скотт Орусиянын президенти Владимир Путин менен Кремлдеги жолугушууга чакырылгандардын бири болгон. Скотттон тышкары Россия Федерациясынын башчысы ФИФАнын президенти Жанни Инфантино, Англия курама командасынын экс-футболчусу Рио Фердинанд, Германия курама командасынын мурдагы оюнчусу Лотар Маттеус жана башкалар менен жолугушкан.

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости