www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев парламенттин төмөнкү палатасына – мажилиске шайлоону 10-январга белгиледи. Тиешелүү жарлык 21-октябрда Акордонун сайтына жарыяланды.

Жарлыкка ылайык, партиялык тизме менен депутаттарды шайлоо 10-январда, Казакстан эл ассамблеясы аркылуу депутаттарды шайлоо 11-январда өтөт.

Ошондой эле Борбордук шайлоо комиссиясына шайлоого даярдык көрүүнү уюштурууга тапшырма берилди.

Белгилей кетсек, мажилистин азыркы чакырылышынын ыйгарым укуктары кийинки жылы март айында бүтөт. Мажилисте 107 депутат бар. Алардын 98и партиялык тизме менен, калганы Казакстан эл ассамблеясы аркылуу шайланат.

Эске салсак, Казакстанда акыркы жолу мажилис шайлоосу 2016-жылы 20-мартта өткөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости