www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Актөбөнүн мүрзөсүндө каннибализм боюнча 19 жыл абакта отурган адам иштейт. Ал жакында эле жашоодон мукураган адамдарды коомго кайра аралаштыруу Борборунан бошоп чыккан.

Мекеме башында БОМЖдар үчүн ачылган болчу. 2013-жылдан бери ал жерде кылмышкерлер да жашай баштаган. Алардын ичинде каннибализм үчүн 19 жыл камалып чыккан эки адам да туш келет. Эркиндикке чыкканда алар таптакыр жалгыз калышкан. Туугандары аладын баш тартышкан, бара турган жери жок. Ошентип, аягында ушул борборго туш келишкен.

“Жакында биз аларды чыгарып, жумушка орноштурдук” – дейт борбордун социалдык маселелер боюнча орун басары Жалын Мулдагалиев.

“Бирөөсү азыр мүрзөдө иштейт, экинчисин коргонуу башкармалыгына орноштурдук, ал каттарды үйлөргө ташып иштечү, кийин жумуштан бошонуп кетти. Азыр ал шаардын кайсы бир эски кварталында жашайт”.

Мекеменин кызматкери “эгер адамдар ушундай иштерге барып, чейрек кылым отуруп чыкса, анда алар оңолбойт” деп билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости