www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Казакстанда дарыгерлер Уст-Каменогорск шаарында жашаган эркек кишиге кош бойлуу деген күтүүсүз диагноз чыгарып беришкен. Бул тууралуу Sputnik Казакстан маалымдады.
Билдирүүгө ылайык, эркек киши ичи ооруп ооруканага кайрылган. Аны дарыгер-нефролог карап "бейтап кош бойлуу болгондуктан ичи чоңоюп жатат" деп жазып берген.
"Дарыгерге кайрылган эркек адам курсагында бир нерсе кыймылдап жатканын сезип жатканын билдирген", — деп айтылат маалыматта.
Киши күтүүсүз диагнозду үйүнө барганда гана байкаган.
Бул боюнча Чыгыш-Казакстан облусунун саламаттык сактоо башкармалыгы эркек адамга коюлган диагнозду териштирерин убадалады.
Булак: "Спутник кж"