www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

3-ноябрда Нур-Султанда бир топ киши Евробиримдиктин өкүлчүлүгүнө барып, үч министр жана шаар акимине жеке санкция салууну талап кылып, петиция тапшырышты.

Алар өлкөдө ден соолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укугу сакталбаганын жана Казакстан майыптардын укугун коргоо жөнүндө БУУнун конвенциясын сактабай жатканын билдиришти.

— Биздин негизги укуктарбыз бузулуп жатат. Буга байланыштуу эмгек министри Шапкенов, ички иштер министри Тургумбаев, УКК төрагасы Масимов жана шаар акими Көлгиновго жеке санкция салууну сурайбыз. Биздин түшүнгөнүбүзгө караганда, бул аткаминерлер менен министрлер майыптарды куугунтуктап, аларга өз укуктарын талап кылууга мүмкүндүк бербей жатышат. Маселен, бүгүн бизге психологиялык кысым жасалды. Биринчи топтогу майыпмын. Таң эрте айылдан унаа менен чыгып келе жатканда жарандык кийимчен бир нече адам "үйдө отур, кайда барасың?", деп кадимкидей буйрук бергендей сүйлөдү, – деди нааразылардын бири Эрмек Бекишов.

Европарламентти казакстандык аткаминерлерге санкция салууга чакырган петицияга ондогон киши кол койду.

3-декабрда миңдеген казакстандыктар мүмкүнчүлүгү чектелген кишилердин жөлөк пулун эки эсеге көбөйтүү жөнүндө петицияга кол коюшкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости