www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Шайлоо өтө ийгиликтүү аяктады

Коомдо орчундуу саясий өзгөрүү болуш үчүн, бир муундун өмүрү жетишсиз экен. Отуз жыл мурда Фрэнсис Фукуяма – тарых бүттү деди эле, көрсө, жаңы тарых башталыптыр. Советтик мезгилде коомду бийлегендер жөн гана бийликти башкача атап кирди – ЦКнын ордуна администрация болуп калды, бир партиянын ордуна ондогон жаңы партия пайда болду, алардын аты канчалык ылдам алмашса, ошончолук маңызы мурдагы бойдон калат экен – бийлик партиясы.

Шайлоону дагы бийлик кантип башкарууну үйрөнүп алды – 4 жыл мурда «Самарагейт» чыкты эле, Шайлдабекова ошондо эле көптү билген экен. Оппозиция дагы бийлик мекен макул болгонду үйрөндү – Келдибеков дагы пикирин өзгөрттү, Текебаев дагы – мени эч ким карактаган эмес, жөн гана мен телефонумду кафеде калтырып коюпмун дейт.

Шайлоо жыйынтыгын жокко чыгаруу талабына 340 гана адам – 340 миң эмес, 340 адам – кол коюптур, орус президенти дагы кыргыз бийлигин – шайлоону ийгиликтүү өткөргөнү менен куттуктады.

Последние новости