www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын башкы санитардык дарыгери Айжан Есмагамбетова онлайн маалымат жыйындын жүрүшүндө өлкөдө коронавирустун экинчи толкуну качан болушу мүмкүн экенин айтып берди. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыкты. 

Анын айтымында, коронавирус жөн эле токтоп калбайт, ал курч респиратордук жугуштуу инфекция, сасык тумоо сыяктуу мезгилдүү ооруга өтүшү мүмкүн.

«Болжолдуу маалымат боюнча, COVID-19 курч респиратордук жугуштуу инфекция жана сасык тумоо сыяктуу мүнөзгө ээ болот. Тактап айтканда, оору жуктуруу болжол менен сентябрдын аягы, октябрдын башында башталып, апрелдин аягы, майдын башында бүтүшү мүмкүн», - деди ал.

Ал коронавирус жаңы вирус экенин жана күн сайын ал боюнча жаңы маалыматтар алынып жатканын кошумчалады.

29-апрель саат 22:25ке карата Казакстанда коронавирусун жуктургандардын саны 3138 адамга жетти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости