www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

12-июнь күнү полиция "Казстройстекло" заводунда тинтүү жүргүздү. Бул маалыматты заводдун директорунун орун басары Людмила Шепелева ырастады.

Ал өндүрүш токтобогону менен кеңседе иш жүрбөй калганын, күч түзүм кызматкерлери компьютерлерди, документтерди алып кетишкенин билдирди. Шепелева башкы директор Муратхан Токтамадинин кайда экенин билбей турганын дагы кошумчалады.

51 жаштагы Муратхан Токмади 2003-жылы ачылган айнек заводдун ээси . Ал “Союз”Атамекен” улуттук экономикалык палатанын мүчөсү. Жергиликтүү ММКлардын кабарлашынча, ишкер таасирдүү кылмыштуу топту жетектөөгө жана рэкетчиликке шектелүүдө.

Ачык булактардагы маалыматтар боюнча, Муратхан Токмадинин бизнеси акыркы жылдары ийгиликтүү өнүгүп, заводу эң алдыңкы долбоорлордун катарына кирген. Анын компаниясы Республика Сарайын реконструкциялоого жана Алматыдагы лыжа трамплиндер комплексин курууга катышкан. Бир нече ири соода борборлору менен турак-жайларды айнек менен камсыздаган. 2008-жылы “Казстройстекло” Казакстан президентинин сапат тармагындагы ийгиликтер үчүн берилчү “Эң мыкты өндүрүш ишканасы” деген наамын алган.

Улуттук коопсуздук комитети менен ИИМ бул боюнча маалымат тарата элек.

Булак: "centralasian.org"

Последние новости