www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстан парламентинин мажилиси 28-февралдагы жыйынында үй-бүлөлүк зомбулук үчүн жазаны күчөткөн мыйзам долбоорлорун кабыл алды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар кабарлады.

BES.media сайтынын маалыматына караганда, депутаттар "Аялдар менен балдардын укуктарын камсыз кылуу маселелери боюнча айрым мыйзамдык актыларды өзгөртүү жөнүндө" жана "Административдик кодекске аялдар менен балдардын укуктарын камсыз кылуу маселелери боюнча толуктоолорду киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоорлорун көпчүлүк добуш менен кабыл алышты.

Документ Сенаттын кароосуна жөнөтүлдү. Анда бачабаздык жана балдарды өлтүрүү үчүн өмүр бою эркинен ажыратуу жазасы каралган. Мындан тышкары мыйзам долбоорунда кыйноого алуу, ден соолукка жеңил, орто жана оор зыян келтирүү үчүн да жазаларды катаалдатуу сунушталган.

Документке ылайык, ден соолукка атайылап жеңил зыян келтиргендер 164 доллар өлчөмүндө айып пул төлөп, 200 саат коомдук жумуштарды аткарып же 50 суткага камакка алынат.

"Власть" басылмасы белгилегендей, депутаттар ден соолукка орто зыян келтирүү үчүн каралган эркиндигин чектөө жазасын алып салып, эки жылга эркинен ажыратуу жазасын гана калтырышты. Мыйзам долбоорунда денеге оор зыян келтирүү үчүн үч жылдан сегиз жылга чейин соттоо жазасы каралган.

Статистикага ылайык, Казакстанда аялдарга көбүнчө күйөөлөрү же алар менен жакын мамиледе болгон эркектер тарабынан күч колдонулат. Өлкөдө жыл сайын полицияга үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу 100 миңден ашык кайрылуу түшөт.

БУУнун маалыматына ылайык, Казакстанда жыл сайын күйөлөрүнүн же жакын мамиледеги адамдарынын зомбулугунан улам 400гө жакын аял каза болот.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости