www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын үй-бүлө кодексинин жаңы редакциясынын долбоору коомдук талкууга чыгарылды.

Документ боюнча жарандар 18 жашында гана никеге тура алышат. Нике курагын бир жылга кыскартуу нормасы алынып салынган. Нике эркек менен аялдын ортосунда гана болот.

Балдарды үй-бүлөгө жайгаштыруу, камкорчуну (көзөмөлчүнү) дайындоо функциялары, балдарды Кыргызстандын жарандарына асыроого берүү жергиликтүү мамлекеттик администрацияга өткөрүлүп берилген.

Мындан тышкары алименттик милдеттенмелер боюнча беренелер оптималдаштырылып, баланы багуу жана тарбиялоо боюнча ата-энелердин милдеттери бекемделди.

Мамлекеттик коргоого муктаж болгон балдарды эсепке алуу автоматташтырылган маалыматтык система аркылуу ишке ашырылат.

Долбоордун милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:

  • үй-бүлөлүк байланыштардын начарлашына жана бузулушуна жол бербөө;
  • аял менен эркектин ыктыярдуу нике союзунун, жубайлардын үй бүлөдөгү укуктарынын жана милдеттеринин теңдигинин, үй бүлөнүн бардык мүчөлөрүнүн өз ара сүйүүсүнүн, урматтоосунүн жана өз ара жардамдашуусунун негизинде үй-бүлө мамилелерин түзүү;
  • үй-бүлө институтун өнүктүрүү, салттуу үй бүлөлүк баалуулуктарды сактоо жана калыбына келтирүү;
  • жубайлардын, ата-энелердин жана үй бүлөнүн башка мүчөлөрүнүн укуктарын жана милдеттерин белгилөө;
  • энеликти жана аталыкты, балдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо, ар бир баланын өнүгүшү жана калыптанышы үчүн жагымдуу шарттарды камсыз кылуу;
  • балдарда ата-эненин, үй-бүлөнүн жана коомдун алдында жоопкерчилик сезимин тарбиялоо;
  • үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алуу, баланын үй бүлөдөн ажырашына жол бербөө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости