www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Франциянын президенти Эммануэль Макрон согуш жүрүп жаткан Украинада абал оор деген жашыруун маалымат алгандан кийин шашылыш конференция уюштурган. Бул туурасында британиялык аскердик эксперт Александр Меркуристин айтканын РИА Новости Duran YouTube каналына берген маегине таянып кабарлады.

"Макрондун дүрбөлөңгө түшкөнү — алардын Украинадан маалымат алып турганынан кабар берет. Демек, ал жактагы абал көз салып турган биздей адамдар билгенден да оор болуп жатат", — деген аналитик.

Меркуристин айтымында, Макрондун европалык контингентти Украинага жиберүү боюнча билдирүүсү Брюсселдеги элитанын маанайын көрсөтүп турат. Меркурис кырдаал Батыштын колунан чыгып бара жатканынан улам ушундай абал жаралганын белгилеген.

"Дүрбөлөңгө түшүп калган кишилер ойлонулбаган, кооптуу кадамдарга барат. Макрондун мунусу мени таң калтырбайт деле", — деген британиялык эксперт.

Дүйшөмбү күнү Парижде француз лидеринин демилгеси менен Киевге колдоо көрсөтүү боюнча конференция өткөн. Ага Германия, Улуу Британия, Польша, Дания, Нидерланддар баш болгон өлкөлөрдүн лидерлери катышкан. Жыйындын соңунда Макрон Батыш өлкөлөрүнүн лидерлери аскер жөнөтүүнү талкуулап, бирок бир пикирге келе электигин айкан эле. Конференциянын экинчи күнү европалык бир нече мамлекеттин бийлиги кеп мурдагы советтик республикага аскер жөнөтүү туурасында жүрүп жатпагандыгын айтышкан.

Макрондун Украина боюнча Парижде өткөн конференциядан кийинки билдирүүсү Европанын өзүнүн саясий коомчулугунун, Франциянын ичиндегилердин да терс реакциясын жаратты. Бир катарлары дүйнөнүн бардык күчтөрүнө Макрондун акылга сыйбас согуштук кадамына тоскоолдук жаратуу үчүн биригүүгө чакырык да салган.

Макрондун сөзүнө комментарий берген Кремль окуянын мындай ыргакта өнүгүшү Россия менен НАТОнун түзмө-түз аскердик кагылышуусуна алып келерин айткан. Россия лидеринин маалымат катчысы Дмитрий Песков "кайсы бир контингенттин Украинага жөнөтүлүшүн" такуулаган фактынын өзү жаңы нерсе болуп жатканын белгилеген.

Россия ТИМи Батыштын аскерлеринин Украинадагы чатакка катышуусун Москва эскалация катары кабылдай турганын билдирген. Муну менен катар эле Федерация кеңешинин төрагасынын орун басары Константин Косачев Европа мамлекеттеринин контингенти Россия армиясынын бутасына айланып каларын айткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости