www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Contact акча которуу системасы Тажикстандагы ишин убактылуу токтотту. Бул тууралуу өлкөнүн Улуттук банкы кабарлады.

Мекеменин билдирүүсүндө Орусиянын Борбордук банкы 22-февралда Qiwi-банктын лицензиясын чакыртып алганы, буга байланыштуу банктын сервистеринин бири эсептелген Contact акча которуу системасы да ишин убактылуу токтоткону жазылган.

"Борбордук банктын бул чечимине байланыштуу Contact төлөм системасынын иши дүйнөнүн бардык өлкөлөрүндө, анын ичинде Тажикстанда да убактылуу токтотулду", – деп жазылган Улуттук банктын билдирүүсүндө.

Тажикстандык мигранттардын арасында популярдуу болгон Contact системасынын ишинин токтогонуна байланыштуу айрым жарандар Орусиядан которулган акчасын ала албай жатышканына даттанууда.

Тажикстандын Улуттук банкы Contact системасынын жетекчилиги менен байланышта экенин, учурда жөнөтүлгөн каражаттарга байланышкан маселени чечүүнүн үстүндө иштеп жатканын билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости