www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев 29-февралдагы парламенттин жалпы отурумунда курулуш компанияларынын жетекчилерин шылуундугу үчүн жоопко тартып, алардан жабыркагандардын маселесин чечүүнү сунуштады.

Ал бул көйгөйгө президент өзү көз салып, маселени кароону Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке тапшыруусун суранды.

"Суранат элек. Тийиштүү мамлекеттик мекемелер аралык комиссия түзүлүшү керек. Себеби көйгөйлөр көп жана түрдүү. Мисалы, алган үйүндө жашап атып, коммуналдык кызмат акысын төлөй албайт. Себеби, ээси жок, качып кеткен же өлүп калган да, үй пайдаланууга расмий бериле элек. Же болбосо бир батирди бир нече адамга сатып ийген шылуундар болгон. Ошондуктан, бул маселени чечүү үчүн бизге комиссия керек".

Маматалиев баштаган Жогорку Кеңештин бир нече депутаты эки күн мурда турак жайынын курулушу бүтпөй жаткан жана бул жаатта түрдүү көйгөйгө туш болгон жарандар менен жолугушкан.

Турак жайга байланыштуу маселе көтөргөн үлүшчүлөр курулуш компанияларына, турак жай кооперативдерине доомат коюп, өз милдеттенмелерин аткарбай жатканын айтышкан.

Жыйынга Мамлекеттик курулуш агенттигинин жетекчисинин орун басары Талант Иманакун уулу жана бир катар мамлекеттик мекеменин өкүлдөрү катышкан.

Курулуш агенттиги Кыргызстанда 224 объект уруксатсыз курулганын, эми мыйзамсыз курулуштарга көзөмөл күчөтүлөрүн 18-декабрда билдирген. Андан кийин мекеме сот органдарына өткөрүп берген курулуш компанияларынын жана уруксат кагаздары жок объектилердин тизмесин жарыялап, жарандарды бул жайлардан турак жай сатып албай турууга чакырган.

Бишкек шаарында жана Ош шаарында көп кабаттуу турак жайдан батир сатып алган бир топ жарандар курулуш бүтпөй, мыйзам бузуулар болуп жатканын айтып, бийликке утур-утур кайрылуу жолдоп келет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости