www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстанда эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу карантин дагы эки аптага узартылат. Бул тууралуу президент Касым-Жомарт Токаев 13-июлда билдирди. 

"Өлкөдөгү эпидемиологиялык абалга байланыштуу карантиндин мөөнөтү июль айынын соңуна чейин узартылат. Өкмөттүк комиссия тиешелүү чечимди эртең кабыл алат. Карантин жарандарыбыздын саламаттыгын сактоо үчүн керек", - деген президент.

Касым-Жомарт Токаев социалдык жактан аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жана жардамга муктаж жарандарга июль айында акчалай жардам (42 миң 500 тенге) көрсөтүлө турганын кошумчалаган деп айтылат маалыматта.

Кошуна мамлекетте COVID-19 жана пневмония илдети жайылып кеткенине байланыштуу экинчи жолу карантин 5-июлда киргизилген. Биринчи жолу пандемия жаңы башталганда, март айында жарыяланган болчу.

Дары-дармек, медкызматкерлер жана ооруканаларда орун жетишпей жатканына нааразылык көп экенине карабай Токаев “кырдаал турукташып баратышынын алгачкы белгилери” жөнүндө айтты.

Расмий маалыматтарга ылайык, Казакстанда COVID-19 илдетине кабылгандардын саны 60 миңге чамалады. Анын 375и каза тапты. Бул статистикага пневмониядан көз жумгандар кирген эмес.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, жыл башынан бери өпкөсү кагынган 99 миң адам катталып, алардын 1772cи каза тапкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости