www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстанда митингге катыштыгы бар деген негиз менен кармалгандардын саны 8 миңге жетти. Бул тууралуу, аталган өлкүнүн Тышкы иштер министирлиги маалымдады. 

Билдирүүгө таянсак, 9-январда Казакстандын Саламаттык сактоо министрлигине таянып, Маалымат жана коомдук өнүгүү министрлиги өзүнүн «Телеграм» каналына 164 адам өлгөнүн жазган. Кийин өкмөт муну «техникалык» ката деп билдирген.

Казакстандагы башаламандыктарда канча киши көз жумганы беймаалым. Бийлик бул боюнча расмий билдирүү тарата элек. Буга чейин күч түзүмдөрүнүн 18 кызматкери жана «куралчан» 26 адам өлгөнү тууралуу маалымат чыккан. Балдар акыйкатчысы Аружан Саин Алматыда эки бала октон кайтыш болгонун билдирген.

Эске салсак, Казакстан Республикасынын президенти Токаев бүгүн 10-ноябрды "Аза күтүү" күнү деп жарыялаган. Көтөрүлүштө каза тапкан аскер кызматкерлерин жерге берүү зыйнаты өтүп жатат.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости