www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Садыр Жапаров Казакстандын президенти Касым-Жоомарт Токаевге Казакстанда болгон кайгылуу окуяларга байланыштуу көңүл айтты.
«Казакстанда болуп өткөн кайгылуу окуяларды терең тынчсыздануу менен жүрөгүм ооруп кабыл алдым. Кыргыз элинин жана өзүмдүн атымдан Казакстандын тынч калкынын жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнүн курман болгондугуна байланыштуу, жалпы улуттук аза күтүү күнүндө сизге жана боордош казак элине терең кайгыруу менен көңүл айтам», — деп айтылат президенттин билдирүүсүндө.
Садыр Жапаров эки мамлекеттин көп кылымдык тарыхый, руханий жана маданий жалпылыгына таянып, Казакстан Кыргызстандын ишенимдүү кошунасы жана стратегиялык өнөктөшү экенин белгилеп, ар дайым колдой турганын билдирди.
Казакстанда эл 2-январда суюлтулган газдын кымбатташына каршы чыгып, бааны арзандатууну талап кылып, митингге чыгышкан. Каршылык акциялары Казакстандын ар кайсы аймагында жайылып, башаламандык менен коштолду. Бейрасмий маалыматтарга таянсак, 164 адам каза болгону айтылууда.
Булак:NazarNews.kg