www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстанда күчү 5,3 баллга жеткен жер титирөө катталды

Бүгүн, 1-апрелде саат 11:14тө (жергиликтүү убакыт боюнча) Жамбыл облусунда күчү 5,3 баллга жеткен жер титирөө катталды.

Өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жер титирөөнү Казакстандын сейсмикалык станциялар тармагы каттаганын билдирди.

«Сейсмикалык станциялар тармагы саат 11:14тө жер титирөөнү каттады, анын очогу Казакстандын аймагында, Алматы шаарынан 308 км батыш тарапта жайгашкан. Жер титирөөнүн энергетикалык классы 10.2. Магнитудасы MPV 5.3», - деп айтылат билдирүүдө.

Сейсмологдордун маалыматы боюнча, Жамбыл районунун Мерке айылында жер титирөө 2 баллга сезилди. Жабыркагандар жана кыйроолор тууралуу маалымат жок.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости