www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган бийликтин Адилеттик жана өнүгүү партиясы муниципалдык шайлоодо каалаган жыйынтыкка жете албаганын мойнуна алды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Түркияда жекшемби күнү жергиликтүү бийликке шайлоо өттү. Өлкөнүн оппозициялык Элдик-республикалык партиясы акыркы 20 жылда алгачкы ирет бийликтин Адилеттик жана өнүгүү партиясынан ашып өткөнүн мамлекеттик TRT Haber телеканалы жарыялады. 2019-жылдан бери оппозиция башкарып келген Стамбул, Анкара жана Антальядан тышкары өнөр жай борборлору болгон Бурса жана Текирдаг сыяктуу жаңы шаарлар да алардын көзөмөлүнө өттү.

Шайлоо бүткөндөн кийин түрк лидери Анкарадан кайрылуу жасады. Ал бийликтин партиясы шайлоонун жыйынтыгын талдай турганын билдирди.

"2023-жылдын май айындагы шайлоодо жеңип чыккандан тогуз ай өткөн соң, тилекке каршы, муниципалдык шайлоодо каалаган жыйынтыкка жете алган жокпуз", — деди Эрдоган.

Белгилүү түрк экономисти, профессор Селва Демиралп мунун себеби өлкөдөгү экономикалык кризис экенин белгиледи.

"Шайлоонун жыйынтыгына 2023-жылдын май айына чейин тутанган оор экономикалык кризис таасир этти. Шайлоого чейинки чыгашалар "келечектен карыз алуу" жолу менен жүргүзүлүп, көйгөйлөр көмүскөдө болуп келген. Шайлоодон кийин анын баарын төлөп, азаптуу программалар ишке ашырыла баштады. Бул нерсе, албетте, жыйынтыкка таасир этти", — деп Демиралп X социалдык тармагына жазды.

Hürriyet гезити да Түркиядагы жергиликтүү шайлоонун жыйынтыгы өлкөнүн өкмөтүнө экономикадагы көйгөйлөр тууралуу олуттуу эскертүү болгонун жазды.

"10 ай мурун Түркияда (президенттик да, парламенттик да) шайлоо болгон. Ал шайлоонун шарттары азыркыдан анча деле айырмаланган эмес. Эрдоганга каршы чоң альянс иштеген. Экономикада көйгөйлөр жаралып, баалар өскөн. Бирок жыйынтыгында Эрдоган ал шайлоонун талашсыз жеңүүчүсү болуп чыккан", — деген гезиттин серепчиси Ахмет Хакан.

Басылма 10 айдан кийин өткөн шайлоодо Эрдоганга добуш берилбей, көрүнүш толугу менен өзгөргөнүн белгиледи.

"Эмне үчүн? Анткени жарандар өкмөткө экономикадагы көйгөйлөр тууралуу эскерткиси келди", — деп жазды гезит.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости