www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Гуанчжоу шаарында Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын өкүлчүлүгү ачылганын аталган уюмдун басма сөз кызматы билдирди.

Өкүлчүлүктү расмий түрдө КР Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев ачты.

Жаңы кеңсе ишкерлер үчүн маанилүү жолугушууларды уюштурууга, жаңы өнөктөштөрдү табууга, маанилүү маселелерди чечүүгө жакшы мүмкүнчүлүк түзөт.

Бул өкүлчүлүктүн ачылышы Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы соода-экономикалык мамилелердин өнүгүшүнө салым кошот.

Белгилей кетсек, КР Соода-өнөр жай палатасынын Гуанчжоу шаарындагы өкүлү Мээрим Кожокматова.

Соода-өнөр жай палатасы Кытайда өзүнүн ордун жакшы кеңейтүүдө жана КЭРдин ар кайсы шаарларында дайындалган тогуз палата өкүлдөрү бизнеске натыйжалуу жардам көрсөтүүнү камсыздоодо.

КР Соода-өнөр жай палатасынын Гуанчжоу шаарындагы өкүлчүлүгүнүн жаңы кеңсесинин дареги: Гуанчжоу шаары, Хайчжу району, Синангдонглу жолу 1024, Ф блогу, 6-кабат, 609-кабинет. Poly World Trade Center.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости