www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 1-апрелде №2 Баткен бир мандаттуу шайлоо окуругу боюнча Жогорку Кеңештин депутатына мөөнөтүнөн мурда шайлоого карата даярдыктар талкууланды. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Ага президентинин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев, Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова жана жалпы облус активи катышты.

Нуржан Шайлдабекова өз сөзүндө 2024-жылдын 28-апрелине белгиленген мөөнөтүнөн мурда боло турган шайлоого даярдыктар менен жеринде таанышып, практикалык көмөк көрсөтүү үчүн келгенин белгилеп, таза шайлоо өткөрүү, шайлоочулардын активдүү катышуусун камсыздоо багытында, көңүл буруучу бир катар маселелерди жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирге талкуулады.

Облус башчысы Абдикарим Алимбаев район-шаар башчыларына, күч түзүмдөрүнө, шайлоо комиссияларына, өнөктүктү ачык айкын, мыйзам чегинде, уюшкандыкта өткөрүү боюнча бир катар тапшырмаларды койду.

Белгилей кетсек, шайлоо боюнча облустук штаб түзүлүп, ишин аткарууда. Аталган округ боюнча жалпы 81 шайлоо тилкеси бар. Шайлоочулардын жалпы саны 6-мартка карата 112 миң 432 түздү. Учурда шайлоо участкаларынын ар бирине шайлоочулардын алдын ала тизмеси илинип, тизмелерин тактоо иштери жүрүүдө.

Жыйында маалым болгондой, учурда аймактан 10 талапкер шайлоого катышуу ниетин билдирген.Төртөө талапкер катары катталган, алтоосунун документтери кароодо.

8-апрелден тартып аймакта үгүт иштери башталат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости