www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда Орозо айтты белгилөөнүн так күнү маалым болду

Кыргызстанда 10-апрелде Орозо айт майрамы белгиленет. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынан (КМДБ) кабарлашты.

Маалыматка ылайык, ислам шариятында Рамазан айынын башталуусу жана аяктоосу айдын жаңырышына карап аныкталат. Рамазан айы кээде 30 же 29 күн болот.

Орозо айт майрамы ыйык Рамазан айынын аякташын билдирет.

Белгилей кетсек, быйыл Кадыр түн 5нен 6-апрелге караган түнү белгиленет. Кыргызстанда Орозо айы 11-мартта башталган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости