www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Казакстанда акыркы эки жумада коронавируска чалдыккандар 3,2 эсеге көбөйдү. Бул тууралуу республиканын саламаттык сактоо министри Ажар Гиниятка шилтеме берип Sputnik Казакстан агенттиги жазды.
"Акыркы эки жумада ооругандардын саны 3,2 эсеге көбөйдү. Тарыраагы, 10 714төн 34 550 учурга чейин жетти. Акыркы 24 саатта 2 021 кишиден вирус табылды. Божомолдор боюнча, август айында Казакстанда суткасына төрт миңге чейин адам вирус жугузушу мүмкүн. Сентябрь айында оору басаңдайт деген үмүт бар", — деди министр.
Ошондой эле ал коронавирус эмне себептен көбөйүп кеткенин түшүндүрдү.
"Июль айында өлкөдө "омикрон" штаммынын BA.5 деп аталган субварианты аныкталган. Бул башкаларга салыштырмалуу жугуштуу келет экен. Бирок "дельта" штаммына караганда жеңил өтүп жатат. Муну бейтаптардын 94 пайызынын амбулатордук дарылануусу тастыктайт", — деди Гиният.
Оору көбүнесе Актөбө, Батыш Казакстан, Караганда, Павлодар жана Акмола облустарында байкалууда.
Казакстандын премьер-министри Алихан Смаилов коронавирустун жайылышын алдын алуу боюнча ведомстволор аралык комиссияга чектөө чараларын күчөтүүнү тапшырды.
Булак: NazarNews.kg