www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2022-жылдын алты айында Кыргызстан былтыркыга салыштырмалуу 3 миң тоннага көп товар экспорттогон. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, алты айда ата мекендик айыл чарба продукциясынын экспорту - 279 миң 323 тоннаны түзсө, 2021-жылы ушул мезгилиндеги экспорту – 276 миң 225 тоннаны түзгөн. Ошентип, 2022-жылдын 6 айында былтыркыга салыштырмалуу 3 миң 98 тоннага көп товар экспорттолгон.

Кыргызстанда карантинге алынган продукциянын экспортунун негизги көлөмүн жашылчалар түздү. Жашылчалар Кыргызстандын Чүй, Ысык-Көл, Ош, Баткен, Талас, облустарынан ЕАЭБ жана 3-өлкөлөрүнө экспорттолду.

Эң көп экспорттолгону жашылча болуп сабиз саналат. Ал Чүй облусунан Россия Казакстан, Беларусь өлкөлөрүнө экспорттолгон.

Ошондой эле капуста, пияз, болгар калемпири, томат Россия жана Казакстан өлкөлөрүнө экспорттолгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости