www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мурдагы муфтий Максат-ажы Токтомушев ажылыктын коротулуп кеткен акчасын муфтиятка кайтарып берди. Бул туурасында Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди. Муфтияттын эсебинен чыгарылган каражат толук көлөмдө кайтарылган.
Эскерте кетсек, былтыр 10-февралда УКМК муфтияттын жетекчилиги зыяратчылардан түшкөн акчаны жеке кызыкчылыгы үчүн пайдаланганын айтып, ошол кездеги муфтий Максат ажы Токтомушев менен мекеменин эсепчисин кармаган.
Аларды зыяратчылар тарабынан түшкөн 100 миллион сомдон ашык сумманы насыяга берип, ай сайын пайыздык төлөм алуу менен өз максаттарына жумшаган деп айыптаган. 2020-жылы пандемиядан улам ажылык сапар уюштурулбай калганына байланыштуу чогулган каражат муфтияттын эсебинде туруп калган эле.
Булак: NazarNews.kg