www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытайдын Тышкы иштер министрлиги АКШнын Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелосинин Тайванга жасай турган сапарына катаал жооп берүүгө даяр экенин билдирди.

"Биз каалаган душманды көмүүгө даярбыз. Эгер от менен ойносоң, анда сөзсүз өзүңөрдү өрттөйсүңөр", - деп жазды Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Цао Уи Твиттердеги баракчасына.

ЖМКлар Пелосинин учагы 2-августта Тайванга конорун жазып чыгышты. Тайвандын борбору Тайбэйдеги Таоюань аэропортуна Пелосинин сапарын үзгүлтүккө учуратуу үчүн үч жардыруучу зат орнотулат деп коркуткан кат келген. Азырынча аэропорттон эвакуациялоо тууралуу эч кандай маалымат жок, бирок кызматкерлерди сак болууга чакырышты. Ошол эле учурда Пелоси дагы бир Тайбэй аэропортуна келээри күтүлүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости