www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Биз талап кылып келген келишимдер бузулуп, "Кумтөр" элдин, мамлекеттин эсебине кайтты", - деди бүгүн, 2-августта NazarNews маалымат агенттигине мурдагы элчи Рамазан Дырылдаев.

- Рамазан агай, Кудайдан болуп, Чубактын кунундай чубалган Кумтөр маселесине секит коюлду. Бийликтин азыркы кадамы колдоого аларлыкпы?

- Кумтөрдү мамлекеттин эсебине алып,  туура  эле кылышты. Менимче, азыркы бийлик арышты кенен таштап, жетим тоону, сандыкты өзүбүз иштетебиз деп жатат окшойт. Чынында  бир канча кен байлыктарды "Центерра" чеңгелдеп отурган да. Азыр баары мамлекетке өтүп, жакшы болду.

- Бирок, айрымдар "Кумтөрдүн" мамлекетке өттү дегени афёра деп жатышат го?

- Афёраны Акаев Бирштейнди аралаштырып кылган. Ошон үчүн ушундай чоң долбоорду мамлекетке кайтарыш кемчиликсиз болбостур. Эгер афёра дегендер болсо, алар далилдешсин. Бирок, куру сөздүн кереги жок, далил керек.

- Кандай далил?

- Эл аралык уюмдардын жыйынтыгы же бир эксперттердин корутундусу. Эгер ошондой бир корутунду болсо, айтышсын. Окуп көрөлү. Бирок, "Центерра" менен соттошсо сот бир канча жылдарга созулмак. Утат белек же уттурат белек ким билсин. Бизде анчалык тажрыйба болбогондон кийин мындай жол менен чечип алганы туура эле болду.

- "Центерранын" экологияга келтирген   кыянатчылыгы эске алынбай калды деп жатышат го?

- Экологияга келтирген зыяндарын жана биздин соттун чечимин эл аралык деңгээлде канчалык аргументтешитире алат элек деген да маселе бар. Анткени, аны чоң компания кылыш керек болчу. Эмнегедир иш анчалык жүргөн жок. Ошон үчүн азыркыдай жол менен болсо да, мамлекетке кайтарып алышканы туура эле болду.

Кыскасы, биз талап кылып келген келишимди бузуп, Кумтөр элдин, мамлекеттин эсебине кайтты. Буга чейин деле "Кумтөрдү" өзүбүз иштете алабызбы деген күмөн саноолор айтылчы эле. Мына сопсонун эле иштетип жатышат го. Берген убаданы аткарып жатышат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости