www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын Жамбыл облусунда коронавируска жуктурган дагы бир кыргызстандык жаран аныкталды. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, коронавирус аныкталган кыргызстандык Чүй облусунун Токмок шаарынын тургуну.

“Ал жүк ташуучу унаанын айдоочусу болуп иштейт. Алматы шаарына жүктү жүктөп келүү үчүн кыргыз-кытай чек арасына барган. Чек арадагы медициналык текшерүү учурунда жарандан коронавирус табылган. Ал атайын унаа менен Бишкекке жеткирилген” – деп айтылат маалыматта.

Эске сала кетсек, Казакстанда буга чейин, 5-апрелде Казакстандын түштүгүндө кыргызстандык төрт айдоочу ооруканага жаткырылган. Алардын үчөө Жамбыл облусунда, бирөө Алматы шаарында катталган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости