www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Казакстанда иштелип чыккан дагы бир коронавирустук вакцинанын сыноосун жактырды. Бул боюнча Казак улуттук агрардык университетинин эл аралык эмдөө борборунун директору билдирди деп жазат жергиликтүү ЖМКлар.

Вакцинаны Казак улуттук агрардык университетинин эл аралык вакцина борбору менен өзгөчө кооптуу инфекциялар боюнча улуттук изилдөө борбору биргелешип иштеп чыкты. Учурда препараттын клиникага чейинки сыноолору жүрүп жатат.

“Биздин бирдиктүү SARS-CoV-2 (COVID-19) наноэмульсия майына адъювант вакцинабыз Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун вакцинасына талапкерлердин тизмесине киргизилгенин жарыялаганыма абдан кубанычтамын”, – деп жазган эл аралык эмдөө борборунун жетекчиси.

Эскерте кетсек, буга чейин Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Казакстанда чыгарылган биринчи вакцинаны дарылардын тизмесине кошкон. Учурда дары колдонууга берилип, текшерилип жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости