www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстанда коронавирустун Eta (нигериялык) деп аталган жаңы штаммы аныкталды. Бул тууралуу Sputnik Казакстан жазды.

Илдеттин клиникалык белгилери Alpha (британиялык) менен Beta (түштүк африкалык) штаммдарыныкындай эле (дене табынын көтөрүлүшү, жөтөл, жыт менен даам сезбей калуу).

Маалыматка караганда, Саламаттыкты сактоо министрлиги 2021-жылдын июль-август айларында ооругандардан алынган лабораториялык үлгүнүн негизинде коронавирус инфекциясына генетикалык изилдөө жүргүзгөн. Анын жыйынтыгында төмөнкү штаммдар аныкталган:

индиялык Delta — 59,4 пайыз;

британиялык Alpha — 25 пайыз;

"Ухань" коронавирусу — 10,4 пайыз;

нигериялык Eta — 5,2 пайыз.

Eta штаммы төрт аймактан аныкталган — Мангистауда эки, Караганда, Павлодарда жана Нур-Султанда бирден учур катталды.

Коронавирустун Eta штаммы 2020-жылдын декабрь айында Нигерия менен Улуу Британиядан чыккан. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматына караганда, 2021-жылдын 15-сентябрына карата аталган штамм дүйнөнүн 77 мамлекетинен табылды. ДССУнун "байкоо салуу" категориясында турат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости