www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Болотбек Купешевге кылмыш иши козголгону чынбы?

Билим берүү жана илим министри Болотбек Купешевге кылмыш иши козголду деген маалымат жалган. Бул төгүндөөнү аталган министрлик таратты.

«Билим берүү жана илим министри Болотбек Купешевге кылмыш иши козголду" деген маалымат чындыкка дал келбейт», — деп айтылган таратылган билдирүүдө.

Белгилей кетсек, буга чейин ЖМКлардын бирине Улуттук коопсуздук боюнча мамлкеттик комитет Купешевге карата кылмыш ишин козгоду деген кабар чыккан.

Ошондой эле, Министрлик ЖМКлардан жалган маалыматты атайылап элге жар салуудан карманууну өтүндү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости