www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Кыргызстан» партиясынын дагы бир экс-депутаты 500 миң доллар же 42 млн сом алдап алганы үчүн колго түштү. Көпчүлүк депутаттар элдин тилегин ишке ашыруу үчүн парламентке барат экен. Ал эми «Кыргызстан» партиясынын депутаттары эптеп парламентке келип, элдин акчаларын жеш үчүн барышчу окшойт.

Атамбаевдин да, андан кийинки замандарда да «жылдыз» болушуп парламенттин тизгинин кагышкан бул эргулдар азыркы шайлоолордо эси ооп калгандай. Болбосо, 2020-жылы 4-октябрда үчүнчү орунду алышып майлап жатышканда бийлик алмашып кеткен.

«Кыргызстан» партиясынын лидери Шакинин оң колу эсептелген Руслан Чойбеков 25 млн 500 миң сомду сугунуп койгону тууралуу айтып оозубузду жыя электе ушул партиянын дагы бир мүчөсү Кубанычбек Нурматов 500 миң доллар (42 млн сом) алдап алганы үчүн камакка жашырылды.

Бул шоркелдей 2013-жылы Эсеп палатасында аудитор болуп турганда тамагы кургап кетип, 500 миң долларды ашап койгон. 2015-жылы эч нерсе болбогондой «Кыргызстан» партиясынын тизмеси менен келип парламентке дептутат болот. 2021-жылдын августунда БШК анын депутаттык ишин токтоткон.

2021-жылдлын 20-сентябрында ага алдамчылыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Кылмыш –Жаза Кодексинин 98-беренеси боюнча алдамчылык боюнча кылмыш иши козголду.

Жер тыңшар Мамыттын сөзүн жазган:  Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости