www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нью-Йоркко БУУнун Башкы Ассамблеясына (GA) катышуу үчүн келген Бразилиянын президенти Джаир Болсонараны шаардагы ресторандардын бирине киргизбей коюшту. Бул тууралуу Reuters жазды.

Шаарда жүрүп жаткан санитардык эрежелерге ылайык, жабык жайларга, анын ичинде коомдук тамактануучу жайларга баруу үчүн, COVID-19га каршы эмделгенин тастыктаган документти талап кылынат.

Ал эми Бразилиянын лидери вакцина албаганына байланыштуу көчөдө тамактанууга мажбур болгон. Аны Саламаттыкты сактоо министри Марсело Кейрога, Туризм министри Гилсон Мачадо Нето жана башка саясатчылар коштоп жүрүштү.

Маалым болгондой, делегаттардын БУУнун Башкы Ассамблеясынын залына кирүүсү үчүн эмдөөнүн далили талап кылынбайт. Бирок, Нью-Йорктун мэри Билл де Блазио буга чейин дүйнөлүк лидерлерден шаарга келгенге чейин эмдөөдөн өтүүнү суранган.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров бүгүн 21-сентябрда Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) 76-сессиясынын жалпы дебаттарындагы жогорку деңгээлдеги жумалыктын ачылышына видео байланыш аркылуу катышат.

Мекеменин маалыматына караганда, Жапаров Нью-Йоркто башталып жаткан жыйындын катышуучуларынын алдында сөз сүйлөп, кайрылуу жасайт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости