www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын мурунку президенти Курманбек Бакиевдин Алмаш Бакиева деген карындашы атактуу түрк саясатчысынын уулуна турмушка чыкты. Бул тууралуу түрк ЖМКлары жазды.

Курманбек Бакиевдин карындашы атактуу түрк саясатчысынын уулуна турмушка чыкты

Белгилей кетсек, Алмаш Бакиева Түркияда жашаган Адылбек Бакиевдин кызы. Үлпөт тою 17-сентябрда Анкара шаарында өттү.

Жигиттин аты Ильтериш Эргун, ал İYİ партиясындагы депутат Метин Эргундун уулу.

Тойго Анкаранын мэри Мансур Яваш, İYİ партиясынын төрагасы Мераль Акшнер, Республикалык элдик партиясынын төрагасы Кемаль Кылычдароглу ж.б. келишти.

Курманбек Бакиевдин карындашы атактуу түрк саясатчысынын уулуна турмушка чыкты

Белгилей кетсек, Республикалык Элдик партиясы жана İYİ партиясы оппозициялык коалицияда. Эки жыл мурдагы шайлоолордо коалиция Анкара, Измир, Анталия, Бурса жана Стамбулдагы мэр шайлоолорду жеңип алган. Республикалык Элдик партиясын Мустафа Кемаль Ататүрк түптөгөн. İYİ – улутчулдук идеяларын колдойт. Ататүрктүн идеялдарын колдошот.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости