www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын Улуттук коопсуздук кызматы менен Ички иштер министрлигинин биргелешкен атайын операциясы өткөн аптанын аягында мыйзамсыз онлайн-казинонун катышуучуларын массалык түрдө кармоо менен аяктады. Бул тууралуу Sputnik Казакстан Polisia.kz. сайтына таянып кабарлады.

Ага ылайык, бул онлайн-казинолор лото-клубдун атына жамынып иштеп жүргөн. Атайын операцияга эки күч түзүмүнүн үч миңден ашуун кызматкери тартылып, алар казинонун сегиз уюштуруучусун кармаган, арасында чет элдиктер да бар. Жалпысынан 400 адам полицияга жеткирилген.

Уюштуруучулардын биринин эле банк эсебине айына 900 миллион теңге (2 миллион доллар) түшүп турганы, VIP-кардарларга интим кызматтары да көрсөтүлгөнү кошумчаланды.

"Өлкө боюнча 570 объект тинтүүгө алынып, 23 ок атуучу курал, 247 миллион теңге, 55 миллион рубль, 125 миң доллар алынган", — деп айтылат маалыматта.

Натыйжада 326 лото-клубдун иши токтотулган. Ошондой эле чет өлкөдөн Казакстанда онлайн-казинолорду трансляциялаган серверлердин иши бөгөттөлгөнү белгиленди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости