www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кечээ, 14-январда Түндүк Кореянын тышкы иштер министри Чой Сон Хи башында турган өкмөттүк делегация Москвага келди. Бул тууралуу Кореянын борбордук маалымат агенттиги билдирди.
Аэропортто делегацияны Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин кызматкерлери, КЭДРдин Москвадагы элчиси жана республиканын башка дипломаттары тосуп алышты.
Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, Цой Сон Хэй орусиялык кесиптеши Сергей Лавровдун чакыруусу менен 15-17-январда Орусия Федерациясына расмий сапар менен барат.
Белгилей кетсек, өткөн жылдын октябрь айында Пхеньянга Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров барган. Иш сапар эки өлкөнүн ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 75 жылдыгын белгилөөгө багытталган. Лавровду Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын кабыл алды.
2023-жылы сентябрда Ким Чен Ын Орусияга барып, "Восточный" космодромунда Орусиянын президенти Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөн.
Эске сала кетсек, буга чейин Украинанын башкы прокурору Андрей Костин орус аскерлери 2-январда Харьковду аткылоодо Түндүк Кореянын ракеталарын колдонгонун билдирген. АКШнын Мамлекеттик департаменти Украинага каршы согушта колдонуу үчүн Түндүк Кореядан орус армиясына баллистикалык ракеталарды өткөрүүгө тиешеси бар үч уюмга жана бир адамга санкция жарыялады. Ошондой эле 50гө жакын мамлекеттен турган топ Түндүк Кореянын Орусияга ракета тапшыруусун жана аны Украинага каршы колдонуусун айыптады.
Булак: NazarNews.kg