www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Казакстанда Кыргыз АССРнин биринчи өкмөт башчысы Жусуп Абдрахмановго эстелик тургузуу сунушталды.
Мындай сунушун Актюбинск облусунун акимине казакстандык активист Турарбек Кусаинов жөнөткөн. Ал мындай чечимин 1930-жылдары кыргыз эли казак элин ачарчылыктан сактап калгандыгы менен түшүндүргөн. Так тарыхый булактардан маалым болгондой, 1936-1938-жылдары Сталиндин репрессивдик механизмине 110 миңден ашуун казактар туш болгон. Анын 25 миңи атууга кеткен. Бул учурда Казакстанды Левон Мерзоян башкарып турган.
“Мерзояндын эстелигин алып, анын ордуна Абдрахмановдун эстелигин тургузууну сунуштайбыз. Ал 1930-жылдары улуу ачарчылыкта казак элин колдоп, ачарчылыктан аман алып калган. Улуу ачарчылыкта казак элинин жарымы кырылган. Бир гана Жусуп Абдрахманов жана бир тууган кыргыз эли бизге кол сунган. Мындай адамдын эстелиги бүтүндөй Казакстанда орнотулушу керек” – деп түшүндүргөн өз демилгесин Кусаинов
Булак: NazarNews.kg