www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Иди отсюда!” – деп кесиптеш журналист кызыбызды ит айдагандай айдаган чалагайым депутат Азиз Турсунбаев эсиңиздеби?
“Депутатмын” – деп эле өзүлөрүн баатыр сезип алган эл өкүлдөрү көбөйдү өзү. Керек болсо бизди депутат кылган дал ушул журналисттер болуп жүрбөсүн деген ой бирине дагы келбесе керек. Себеби, алардын элге “кылымыш” эткен жакшылыгын же жамандыгын коомго журналисттер жеткирбесе, атасынын чокойу жеткиреби? Түшүнүксүз. Эми бул дагы бир "элитный-депутат" эл аралайын деген экен. Таттуу уйкудан жаңы ойгонуп жатса керек, келээрки жылы шайлоо эмеспи дегендей. “Бир-эки элге көрүнүп койбосом болбойт” – деген чыгаар. Бирок, ал барган жерге эми эл дагы чогулбай калыптыр. Анын далили төмөндөгү сүрөттөрдө. Бул ирет ал Чаткалга барып, Чаткал эли менен жолугам деген үмүтү таш каап, эл чогулбай коюптур. Чогулгандар дагы “иди отсюда” – дейли деп келишиптир. “Буттан чалынган турат, сөздөн чалынган турбайт” – дейт кыргызда.
Булак: NazarNews.kg